super.kg logo
  Саясат  

"Калпакка маданий символдун макамын берүү боюнча мыйзамды кабыл алсак, эртең элечекке, дагы башка кийимдерге да макам бергиле деп келишет" дейт эл өкүлү

 

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланууда.

Депутат Кожобек Рыспаев: "Калпак ар бир кыргыздын жүрөгүндө сакталышы керек. Кесиптешим айтып кеткендей, кагазга жазылбаган эрежелер бар. Калпакты тебелебе, баш кийимди жерге ыргытпа деген нерселер бала кезден айтып калыптанат.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса эртең элечекти жазышыбыз керек болот. Биздин өлкөдө көп улуттун өкүлдөрү жашайт, анан башка элдин улуттары да чыгышы мүмкүн. Ооба, мүмкүн болсо калпакты чет жакка белекке бербей эле койсок. Аны кийин мончого киет, итке кийгизиши мүмкүн. Эми мындай нерселерди кантип токтотобуз. Болгону улуттук баалуулуктарга болгон сүйүүнү ойготуп, ал ар бир адамдын жүрөгүндө жашай тургандай кылышыбыз керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: