super.kg logo

"Калпакты тигүү, сатуу деген эрежелери бар мыйзам долбоорун сунуштап жатасыңар, эмне жаңы бизнес ачтыңарбы?" дейт депутат

 

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда.

Депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Экмат Байпакбаев ага суроо берген депутаттардын баары менен талашып-тартышканына нааразычылыгын билдирди.

"Бул мыйзам долбоору боюнча сизге суроо бергендердин баары менен талашып-тартышып жатасыз. Мыйзам долбооруна “калпакты тигүү, сатуу” деген сыяктуу нерселерди киргизиптирсиз, ошондо силер жаңы бизнес ачып жатасыңарбы? Андай болсо калган сатуучулар эмне болот? Өлкөдө башка көйгөй жокпу?" - деди депутат айым.

"Сунушталып жаткан мыйзам долбоору калпакты мындай же тигиндей кийгиле деген көрсөтмө эле болуп жатат. Биз бул идеяга каршы эмеспиз, бирок норма бар, буга Жогорку Кеңеш 2 жыл мурун көңүл буруп, аны колдогон. Мыйзам аркылуу сүйүүгө мажбурлай албайбыз. Жаңы мыйзамдын кабыл алынышынын зарылчылыгын көргөн жокмун", - деди депутат Гүлшат Кадырова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: