super.kg logo

Айыл өкмөт башчы сотко берип, 1 жарым миллион сом талап кылганы боюнча Кара-Суу районунун эки тургуну Владимир Путинге кайрылуу жолдошту

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун айыл тургундарын сотко берип, 1 жарым миллион сом талап кылып жатканы тууралуу айтылат.

Белгилүү болгондой, кайрылууга Орозкан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакаримова аттуу тургундар кол коюшкан.

Анда алар тийиштүү органдарга кайрылышканы менен, жыйынтык болбогону, 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков Ошко келгенде милиция президент менен жолугушууга өткөрбөгөнү белгиленген. "Кыргыз өлкөсүндө орточо эмгек акы 5-6 миң сом болсо, биз коррупционер болбосок, бизде мындай акча кайдан болмок эле? Тилекке каршы, карапайым эл сот жана укук коргоо органдарына ишенбей калышкан. Сотто коррупцияга баткан чиновниктер, байлар гана утушат. Карапайым адамдар күнөөлүү бойдон кала берет", - деп жазылат кайрылууда.

Буга байланыштуу аталган жарандар кайрылуусун Путин Жээнбековго жолукканда жеткирип коюусун өтүнүшкөн.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жогорудагы айыл тургундарын сотко беришине эмне түрткү болгонун түшүндүрдү.

"2017-жылдын октябрь айынан баштап алар бир жыл ичинде ар кайсы жакка кайрылып менин үстүмөн арызданып жатышты. Мындан улам бир канча текшерүүлөр жүрүп, менин эле эмес, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө эмгектенген башка адистердин дагы ишине тоскоолдук жаратышты. 2018-жылы 15 жерден текшерүү келди. Ошол текшерүүнүн аныктамасын алып туруп, сотко бердим.

Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө жети айыл бар. Жети айылдын эң узак жайгашкан жери 12 чакырым алыстыкта. Текшерүү жүргөндө Керме-Тоо айылынан тургундар дагы келип жатышты. Булар жок жерден арыз жазганына байланыштуу сурак берүүгө келип жаткан эл да кыйналды. Быйыл дагы эл кыйналбасын деп, аброюма шек келтиришкени үчүн соттон алар 1,5 миллион сом төлөп беришин талап кылдым. Кара-Суу райондук сотуна арыз бергениме он күн болуп калды.

2011-жылы өкмөт тараптан бизге 52 гектар кайрак жер берилген. Жогорудагы эки тургун "суулуу жерден жер бересиң" деп менден талап кылып жатышат. 2009-жылы жер берүүгө мораторий киргизилген. Кайрак жер бизге трансформация болуп барган жок. Алгач эки тургунга тең айылдык комиссия тарабынан жер берилген. Орозкан Токторалиева, Махабат Кожошева аттуу тургундар 2013-жылы жер алышкан. Гүлнара Мырзакеримова "мен суулуу жерди алам" деп кайрак жерди албай койгон", - деди айыл өкмөт башчы.

Орусиянын президенти Владимир Путин март айында Кыргыз жерине келери айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(25)
27.02.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сокеден умут жок да.Анан айла жок Путинге
27.02.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Акыйкатты кыргыздан эмес орустан издоону чечишиптир да , биздин чондордо акыйкат чындык деген нерсе такыр калбады негизи.Баарын акчага алмаштырып коюшту .Черныйлар менен корупцияга онуккон олко болуп калдык десем эч жанылышпасам керек..
27.02.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят кылыптыр го Сокени..
27.02.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
TIMON_BERKOWITZ,туура,Путинге жетсе Сокенин уят болгону
27.02.2019. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин мамлекетти уят кылышыптыр Кыргызстан озунчо мамлекет екенин унутуп калышкан окшойт Путинге айткыдай биз Россиянын карамагында эмеспиз анын аралашышка акысы жок
27.02.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менин жеке оюм. Кыргызстан - Чечня, Татарстан сыяктуу Автономый область болуп Россия Федерациясына кошулсак элибизге эле жакшы болмок.
27.02.2019. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sabyr_Baymatov,көчүп кет, эч ким кармабайт. Элди жайына кой. Кыргыз өлкөсүндө кыргыз жараны болуп эле жашайбыз.
27.02.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sabyr_Baymatov,Сен айткан автономиялык областарда жумуш жоктугунан Москва Питер Свердловская да журушот ошону унутпа!
27.02.2019. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sabyr_Baymatov,канча элдер эгемендуулукту энсеп журот, сага окшогон кок мээлер эгемендуулуктун баркын билбей ар нерсени сайрап журот
27.02.2019. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sabyr_Baymatov, орустарга эрге эле тийип ал
27.02.2019. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sabyr_Baymatov,чык эшике,жанымда болгонуңда ошол көк мээ башыңды жара чапмакмын.
27.02.2019. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sabyr_Baymatov,Мен дагы ошондой ойлочумун , бирок терен ойлонуп карасам , биздин Россиянын козун толук турдо карап калат экенбиз .Биз ал учун Чечендердей Дагестердей катту болушубуз керек , айтарым аял заттына .Антпесек демократия деп кыздарыбызды кенири басып кирип тен укукту болуп жашап калышат болок туугандар .Акчага айтпасак да азгырылган адамбыз биз .Ансыз деле жагдайыбыз жакшы эмес коз карандысыз болсок деле.Плюсубуздан минусубуз кобуроок болуп калат
27.02.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sabyr_Baymatov, мындай дегенимдин себеби:
Кытайдын товарларынан баш тартып Орустар аркылуу өзкөбүздүн экономикасын өнүктүрүп алып, дүйнөдө жок куралдарды чыгара баштап кайрадан эгемен мамлекет болсок дегеним.
27.02.2019. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sabyr_Baymatov, туура айтасын. Россиянам кошулсан жакшы болот. Уйунду сат дагын Чечня Татарстан дан уй алып ал.
27.02.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч кимге кошулбайле тиригилик кыла бериш керек алар да жыргап кетише элек
27.02.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шарабидин Капаров сен жумушундан кетип эле кал!
27.02.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Azatbek.Svoboda.,эмнеге кетсин,туура эле кылган Шарабидин.Тиги арызчыларды жок кылсын биринчи,ошолор кетсин,элди жаман коргозуп,саткындар алар.Ичтен чыккан кутумдар,иштеп аткан адамга тоскоол болуп не кылышат арызданып.Эркелеп атышатда "мен аны албайм,мен тигини алам,андай-мындай" деп.Э кара жерге кирсин ошо арызчылар!
27.02.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде айыл окмот башчысынын айтканы чын болсо, анда сотко берип туура эле кылган. Кээде айрым жарандардын жон эле жазып койгон арызынан улам, арты-артынан келген текшеруу жудотот да. Иштен алагды кылат. Ал эми башка олконун жетекчисине кайрылып, жардам сураганы биринчиден уят эле. Экинчиден, мыйзам деген нерсени жакшы биле бербегени. Путин Жээнбековго эмне демек эле. Ырас, кайракы гана жер бар болуп жатса, айыл окмот башчысы суулуу жерди аларга сатып алып бермек беле?!
27.02.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин чондорго эл эчкимиси ишенбей калыптыр,анан эмне кылабыз айла жок.
27.02.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит экен Ким путинге жазса дагы. Озунун элинин ишеними кетип жатканда сен ага жазыпсын.
27.02.2019. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят ошол эле жетишпей жатты эле
28.02.2019. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 2015-жылдан бери ала албай жүрөм ошондон бери эки Президент канча пример болсо баарына жаздым. Бир гана Темир Сариевден жооп келген ал жооп да жергиликтүү бийлик карасын деген жергиликтүү бийлик кайра эле жер жок деген жоопту берген. Мендагы жазып үй салганга участокту Путин аркылуу алсамбы деген ой келди.
28.02.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka1994,орус жарандыгын алсаң бир гектар жер берет колунан келсе үй салып алда жашай бер.
28.02.2019. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыт көрсөтөт ким эмне болорун, жакында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: