ИИМ: "2 айда 99 өспүрүм дайынсыз болуп, 91и табылды. Бирок алардын биринин да "48 саатка жоголуп кет" оюнуна тиешеси жок"
Бишкекте мектептерде "48 саатка жоголуп кет" оюну тууралуу мугалимдерге жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүрүп, кооптуу оюн тууралуу эскертүүлөр берилүүдө.
Оюндун эрежеси - өспүрүм өзүнүн жоголуп кеткени менен, көпчүлүктү кабатырга салып, жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтарды чыгаруу. Мунун негизинде ага упай берилет.
ИИМдин басма сөз кызматы бул оюн тууралуу маалымат таратты. Маалыматта өспүрүмдөрдүн арасында мындай оюндан улам баланын дайынсыз болуп кеткендиги боюнча бир дагы факты катталбаганы жазылат.
"Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бул оюн тууралуу маалыматтарды тактап жатышат. Ал Орусияда эки жыл мурун тараган. Учурда Бишкек мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгына кат жөнөтүлүп, шаардагы бардык мектеп окуучуларына буга азгырылбоосу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилди", - деп жазылат маалыматта.
Жыл башынан бери укук коргоо органдарында өспүрүм дайынсыз болуп жатат деген 99 факты катталган. Алардын ичинен 91и табылып, 8и изделүүдө. Жоголгондордун ичинен 53ү балдар болсо, 46сы кыздар. Ошондой эле өспүрүмдөрдүн үйдөн дайынсыз кетип калуусуна - ата-энелери менен болгон чыр-чатак себеп болору айтылат маалыматта. ИИМ бул оюнга чакырык жасагандар болсо өспүрүмдөрдү азыгырылбоого чакырып, дароо милицияга кабарлоону өтүнөт.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бул оюн тууралуу ар бир мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды бергенин кошумчалады.

