super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов кызматынан бошотулду

 
Искендер Кадыркулов
Жыргалбек Саматов

Бүгүн, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы болуп өттү. Федерациянын делегаттары катышкан курултайда президент Жыргалбек Саматов жыл ичинде федерациянын аткарган иштери боюнча отчёт берди.

Курултайдын жүрүшүндө Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйыны тууралуу кеп козголуп, "ага катышып кыргыз көк бөрүсүнүн намысын коргогон жок" деген жүйө менен көпчүлүк делегаттардын добушу аркылуу Жыргалбек Саматов ээлеген кызматынан бошотулду.

Жаңы президенттик орунга Көк бөрү боюнча кыргыз курамасынын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиевдин талапкерлиги сунушталып, бирок ал федерацияны жетектөөдөн баш тартты.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланды.

Жыргалбек Саматов аталган мекемени 2018-жылдын июль айынан бери жетектеп келген. Ага чейин федерацияны Икрамжан Илмиянов башкарган.

Искендер Кадыркулов 1962-жылы 20-октябрда азыркы Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында туулган.

- 2009-2010-жылдары Чүй облусунун Москва районунун акими болгон.

- 2010-жылы "Республика" партиясынын курамында Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

- 2012-жылдын август айында "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалып, 2013-жылдын январь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен кызматынан алынган.

- 2013-жылдын 18-июнунда соттун чечими менен "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорлугуна кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.02.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бегалиев ушундай кыйын учурда кок борунун жугун которсо болмок. Татыктуу инсан. Искендер кок боруго кандай кызыгуусу барбы. Илмяновго окшогон эч тиешеси жоктор келип олтуруп кетбесе болду
27.02.2019. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талас Бегалив баш тартпай эле Көк-бөрү федерациясынын президенти болсо жакшы болмок. И.Кадыркуловду билбейм аа билбейм,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: