super.kg logo

Эми "Мой О!" тиркемесинде банктык карталар менен төлөө комиссиясыз болуп калды!

 

"Мой О!" мобилдик тиркемеси жакшыртылды жана колдонуучулар үчүн функционалдуу боло баштады. Тиркеменин жаңы версиясында банктык картаны капчыкка байлап алуу опциясы ыңгайлуураак, ал эми картаны колдонуу шарттары – пайдалуураак болуп калды. Эми DemirBank карталары менен "О!Деньги" капчыгы аркылуу төлөм жүргүзгөндө комиссия 0%! Ал эми башка банктардын Visa жана MasterCard карталары үчүн — 1,5%.

Бул пайдалуу мүмкүнчүлүктү колдоно электер үчүн анын эмне үчүн керек экендигин айтып беребиз.

Бул ыңгайлуу. Байланган банктык карта керектүү учурда электрондук капчыктын балансын дароо толуктоого же кызматты түз эле картанын эсебинен жеңил төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул жөнөкөй. Картаны бир нече кликтер менен эле кошууга болот: "Мой О!" тиркемесин ачыңыз, “Менин карталарым” вкладкасын тандаңыз, картанын маалыматтарын киргизиңиз жана аракетиңизди тастыктаңыз. Даяр!

Бул тез. Төлөө үчүн тиркемедеги каталогдон керектүү сервисти тандоо жана төлөмдү тастыктоо жетиштүү болот. Реквизиттерди киргизүүгө убакытты коротуунун кереги жок.

Бул коопсуз. Ар бир транзакция Visa жана MasterCard стандарттары боюнча ишенимдүү корголгон.

Жаңыланган "Мой О!" версиясын App Store жана Google Play платформаларынан жүктөп алгыла: http://o.kg/l/myo

Тиркеме тууралуу:

"Мой О!" — бул чыгымдарды контролдоого, тарифти тандоого, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыктарын карап турууга жардам бере турган, ошондой эле ыңгайлуу "О!Деньги" капчыгы аркылуу интернетке, коммуналдык кызматтарга, онлайн-оюндарга жана 300дөн ашуун сервистерге төлөм жүргүзө турган функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат.

"О!Деньги" кызматы ОсОО "Грин Телеком Сервис" тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмесинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: