super.kg logo

"Назарбаев кетсин!". Казакстанда митингге чыккандарды милиция кармап кетти

 

27-февралда Казакстандагы башкаруучу партиянын Астана жана Алматы шаарындагы кеңселеринин алдына чогулган жарандар президент Нурсултан Назарбаевдин отставкага кетишин талап кылышты. Аларды милиция кызматкерлери кармап, автобус жана кичи автобустарга салып кетишкенин казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, митингде президенттин отставкасы тууралуу чакырыктар айтылгандан кийин бир канча мүнөттүн ичинде эле милиция кызматкерлери жарандарды кармап кетишкен. Окуя болгон жерге келген прокуратуранын өкүлү митинг мыйзамсыз экенин айтып, кабылдамага кирүүнү сунуштаган. Эл каршылык көрсөткөндө нааразычылык билдирип чыккандарды массалык түрдө кармоо башталган.

Астанада бүгүн президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда "Нур Отан" партиясынын съезди болду. Партиянын кеңсесинин алдына чогулгандар жарандык позициясын айтуу үчүн чогулушканын билдиришкен. Алар жаштар үчүн жумуш орундарын түзүүнү, көп балалуу энелерге социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү, башкаруучу партиянын лидерин алмаштыруу жана реформа жүргүзүүнү талап кылышкан.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылы бийликке келген. Ошондон бери өлкөнү башкарып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
27.02.2019. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
НАзарбаев татыктуу президент деп ойлойм......
Элдер Кыргыздардан сабак алып атышкан го
27.02.2019. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Таба эмес тобо дечи,бирок кыргызга устуртон карап,мурдун которуп кенкейген казакка да кризис келди...
Назарбаев кетсе кыргыз-казак алакасы жакшырат,Каримов олуп кыргыз-озбек мамилеси жылып баштаган.
28.02.2019. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото кыйын политик, бирок кетсин болду эми, уйбулосу менен коррупцияга ото малынып, мамлекетти тоноп бутту, ыраазы болуп креслону бошотуп кете берсе жарашат.
28.02.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактарга да кезек келди бийлик алмашбаса болбой калды. Карапайым эли өтө жакыр жашайт экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: