Жыргалбек Саматов: "Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кеткенимди социалдык тармактардан уктум"
"Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кеткенимди социалдык тармактардан уктум". Мындай пикирин SUPER.KG порталына аталган федерациянын мурдагы президенти Жыргалбек Саматов билдирди.
Анын айтымында, федерациянын мындай чукул жыйынын легитимдүү деп эсептөөгө болбойт, бирок ээлеген кызматында калууга аракет кылбайт.
"Москвада мекендештерибиз уюштурган көк бөрү оюнунан кечээ гана кайтып келгем. Кечинде федерациянын жыйыны болуп, мени кызматтан алуу маселеси карала тургандыгын айтышты. Макул болуп жыйынга келдим. Аткарылган иштер тууралуу отчётумду бердим. Суроолорго жооп берип, башкалар чыгып кетип жатканынан мен дагы чыгып кеткем. Кийинчерээк кызматтан алынганымды социалдык тармактардан окудум.
Негизи курултайды мындай чукул түрдө өткөрүү легитимсиз болуп калат. Алдын ала күн тартиби аныкталып, күн мурунтан аймактардагы делегаттарга кабар берилиши керек болчу. Бирок андай болгон жок. Менин аткарган ишим канааттандырарлык эмес деп табылса өз эрким менен эле ордумду бошотуп бермекмин", - деди Саматов.
Мындан тышкары Жыргалбек Саматов аткарылбай калган пландары менен бөлүштү.
"Бул жылы Өзбекстанда көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөрүн билесиздер. Учурда чемпиондук көк бөрүнүн эрежеси менен же казактын көкпарынын эрежеси менен өтөрү талаш болуп жатканы дагы маалым. Казак тарап Дүйнө чемпиондугун тай казансыз өткөрүүнү көздөп, Астанада Түрк тилдүү элдердин ассоциациясынын жыйынын өткөрүп, жаңы эрежелерди киргизишкен. Бирок чечимди Эл аралык федерация чыгарышы керек болчу. Биз ага жооп кылып Эл аралык федерацияга мүчө болгон өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир өлкөгө чогулуп съезд өткөрүү үчүн аракет кылып жатканбыз. Көпчүлүк өлкөлөр Түрк тилдүү элдердин ассоциациясынан чыгып, федерациянын съездине катышууга макул болуп жатышкан. Жаңы жетекчи башка мамлекеттин көк бөрү федерациялары менен тааныштыгы барбы же жокпу, башталган ишти аягына чыгарып, съезд өткөрөбү билбейм. Бирок кыргыздын намысын коргоп, тай казанда ойнолгон көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө жетише алат деп үмүттөнөм", - деди Көк бөрү федерациясынын экс-президенти.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, президент Жыргалбек Саматов "Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйынына катышып кыргыз көк бөрүсүнүн намысын коргогон жок" деген жүйө менен кызматынан алынды. Анын ордуна федерациянын президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланды.



1 |