Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти мугалими ага сексуалдык мүнөздөгү кат жазып жатканын айтып чыкты
Бүгүн, 27-февралда интернеттеги "Анти КРСУ" баракчасына Кыргыз-Орус Славян университетинин мугалими Д.Б. менен студент кыздын WhatsApp аркылуу жазышканы жарыяланды.
Анда мугалим студент кызга сексуалдык мүнөздөгү кат жазганы тууралуу айтылат.
Студент кыз агайынын сабагы боюнча зачёт тапшырууга даяр эмес экенин айтса, мугалими "иш зачётто эмес, сени эч ким келесоо деп эсептебейт, сен жөн гана коркуп жатасың, мага ишен, мен эркелетүүдөн эч кандай жаман нерсени көрбөй жатам" деген сыяктуу мазмундагы сөздөрдү жазган.
Катта көрсөтүлгөн телефон номер аталган мугалимдин Кыргыз-Орус Славян университетинин расмий сайтына жазылган номери менен шайкеш келүүдө.
Бул маселе боюнча SUPER.KG аты аталган мугалим жана окуу жай менен байланышуу аракетин көрүүдө. Бирок азырынча түшүндүрмө бериле элек.



1 |