super.kg logo

Пакистандын аскерлери Индиянын эки аскердик учагын атып түшүрүшкөнүн билдиришти

 

Пакистандын аскерлери Индиянын эки аскердик учагын атып түшүрүштү. Өлкөнүн аба аскердик күчтөрүнүн өкүлү индиялык учактар Пакистандын аба мейкиндигине өткөндө атылган. Эки учкуч пакистандык полиция тарабынан камакка алынган. Алардын жанында документтер жана атуучу куралдар далил катары алынганы айтылды. Кайсы учактар атып түшүрүлгөнү тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Индиянын Тышкы иштер министрлиги МиГ-21 учагы учкуч менен кошо жок болгонун тастыктаган. Ошону менен бирге учкучтар Пакистан тарабынан кармалганы боюнча маалыматты текшерип жатышканын кабарлашкан.
Маалыматка караганда, эки өлкө тең аба мейкиндигин жапкан. Мониторинг жүргүзгөн агенттиктердин билдирүүсү боюнча башка өлкөлөрдүн учактары белгиленген аймакка кирбөө үчүн альтернативдүү маршруттар менен учуп жатышат.
14-февралда террорчу унаасы менен индиялык аскерлер бара жаткан автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен 40тан ашуун адам каза болгон. Жардыруу боюнча жоопкерчиликти Кашмирдеги "Жаиш-е-Мухаммад" террордук уюму алган. Ал эми Индиянын өкмөтү жардырууга Пакистандын тиешеси бар экенин айтып чыккан. Пакистан бул айыптоону төгүндөгөнү менен, индиялык аскерлерге болгон чабуул эки өлкө ортосундагы мамиленин курчуп кетишине алып келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.02.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми очередь ушуларга келген окшойт, согушуп арасында танцага тушуп койуп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: