super.kg logo

Украина "Евровидение-2019" сынагына катышуудан баш тартты

 

Украина "Евровидение-2019" сынагына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Украинадагы улуттук коомдук каналдан кабарланганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Акыркы кырдаалдардан улам жана улуттук тандоонун саясатташып кеткендигине байланыштуу "Евровидение-2019" эл аралык ыр сынагына катышпоо чечими кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, улуттук тандоодон кийин Maruv аттуу ырчынын катышуусуна макулдук берилген эмес. Ал эми андан кийинки лидерлик позицияда келе жаткан Freedom-Jazz жана Kazka топтору сынакка катышуудан баш тартышкан. Ырчы Maruv`дун айланасындагы териштирүүлөр анын Орусиядагы гастролдорунан улам келип чыкканы белгилүү болду.

2017-жылы "Евровидение" сынагы Киев шаарында өткөн. Анда Орусия сынакка катышкан эмес. Украина Орусиянын атынан катыша турган ырчы Юлия Самойлованы өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган эле. Буга себеп катары ырчынын Крымга барып Украинанын мыйзамын бузганы айтылган.

"Евровидение-2019" сынагы Израилдин Тель-Авив шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.02.2019. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Евроведениеге катышса договор боюнча Россияда концерт коюп ырдабаш керек деген жери бар экен.Менимче копчулугу ошодон баш тартты,себеби Россияда ырдап концерт койсо аларга выгодно.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: