super.kg logo
  Спорт  

АФК Кубогу: Оштун "Алай" клубу Түркмөнстандын "Ахал" клубунан жеңилип, мелдештен четтеди

 

27-февраль күнү Түркмөнстандын борборундагы "Ашхабад" стадионунда жергиликтүү "Ахал" футболдук клубу менен Оштун "Алай" клубу АФК Кубогунун алкагында жооптук беттеш өткөрдү.

10 миң 500 күйөрмандын коштоосунда өткөн беттештин 35-мүнөтүндө "Ахалдын" оюнчусу Мердан Курбановдун голу оюндагы жалгыз гол болуп, талаа ээлери минималдык эсепте жеңишке жетти. Муну менен жалпы 3:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан "Алай" клубу мелдештен четтеп калды. Ал эми түркмөнстандык клуб мелдештин тайпалык баскычына өтүү үчүн Тажикстандын "Худжанд" командасы менен ойнойт.

Белгилей кетсек, аталган эки команданын алгачкы беттеши 20-февралда Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, 2:1 эсебинде коноктор жеңип алган.

Буга чейин "Алай" жана "Ахал" клубдары расмий беттештердин алкагында 3 жолу беттешип, эсеп саны 3 жолу тең түркмөнстандык команданын пайдасына чечилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.02.2019. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
макул эми кийинки оюндарга жакшы даярдангыла!
28.02.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Машыктыруучуну алмаштырыш керек. 3 оюн катары менен утулуп дагыле шолпойуп журушот бир жолу утулган сон кемчиликтердин устунон иштеп екинчисинде даярданыш керекда
28.02.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу туркмон же тажиктердин командаларын утпас болду го биздикилер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: