Депутат: "Жаӊы кабыл алынган мыйзамдардын шылтоосу менен жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочулардан алчу паранын өлчөмүн көбөйтүп алышыптыр"
Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда ар кандай маселелер каралып жаткан учурда депутат Дүйшөн Төрөкулов жаӊы кабыл алынган мыйзамдардын шылтоосу менен жол коопсуздугун сактоо кызматкерлери айдоочулардан алган паралардын өлчөмүн кескин көбөйтө баштаганын айтты.
Депутат жарандардан пара алган коопсуздук кызматкерлери көбөйгөнү тууралуу маселе көтөрдү.
"Жарандардан "жол коопсуздугун сактоочу кызматкерлер жаӊы кабыл алынган мыйзамдарды айтышып, паралардын өлчөмүн эки эсе көбөйтүп жатышат" деген кайрылуулар түшүүдө.
"Коопсуз шаар" жакшы долбоор, мыйзамдар да жакшы, айып пулдар көтөрүлдү. Бирок аны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну көздөгөндөр да жок эмес. Өкмөт, укук коргоо органдары, анын ичинде Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун сактоо кызматкерлеринин мындай жосунун көзөмөлгө алышы керек", - дейт Төрөкулов.








1 |