super.kg logo

Бишкекте 10 ай мурун курулуп бүткөн Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы качан ачылары белгисиз

 

Бишкек шаарында курулган Кыргыз-Түрк достук мамлекеттик ооруканасы качан ачылары белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган оорукананы пайдаланууга берүү алгач 2017-жылдын 31-августуна чейин деп пландалган, кийин белгиленген убакыт жылдырылган. 2018-жылы май айында оорукананын курулуш иштери толук бүтүп, пайдаланууга берүүгө даяр экени айтылган.

"Учурда макулдашуу боюнча келишим Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүп жатат. Азырынча оорукана качан ачылары боюнча так датаны айта албайбыз. Бирок ушул жылы ачылат деп күтүп жатабыз", - деп билдирти министрликтен.

Ушул аптанын башында комитет жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эки өлкөнүн достук мамлекеттик ооруканасын эки өлкө үч жыл бою биргеликте башкара турганын билдирген. Ал эми 3 жылдан кийин оорукананы башкаруу укугу Кыргыз тарапка толугу менен өткөрүлөт.

Ошондой эле оорукана Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгенден кийинки 3 жыл аралыгында Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан мониторинг жүргүзүлүп турат. Ооруканада медициналык жардам сурап кайрылган адамдарга кызмат көрсөтө турган 72 орун бар экени маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: