ЭЛДИК ВИДЕО: "Нурсултан Назарбаевдин креслосуна кызыккандар көбөйдү"






SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин креслосуна кимдер кызыкты?" деген видео жүктөлдү. Бул видео Казакстанда тарап, коомчулуктун талкуусун жаратты.
Нур.кз маалымат каражаты жазгандай, кечээ, 27-февралда Астана шаарында президенттик "Нур Отан" партиясынын съезди өтүп, ага анын жүздөгөн мүчөлөрү катышкан. Съезд аяктагандан кийин Нурсултан Назарбаев отурган креслого бир нече адам кезектешип отуруп сүрөткө түшүүгө шашышкан.
"Иш-чаранын уюштуруучулары президентти тааныштырган кагазды алууну эстен чыгарышканбы, же дароо алынган эмеспи, айтор, "кресло талашка түштү", - деп жазылат айрым маалымат булактарында. Съезддин катышуучулары ал кагаз көрүнбөгүдөй кылып президент отуруп кеткен креслодо сүрөткө түшүп жатышкан. Кийин тааныштыруучу кагазды столдун үстүнө коюп түшкөндөр да болду. Мындан тышкары парламент депутаты, мурдагы премьер-министр Касым-Жомарт Токаев, премьер-министрдин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Алматынын акими Бауыржан Байбектин креслосуна кызыккандар да көп болду.
Нурсултан Назарбаевдин креслосуна кимдер "кызыкты?"


