super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Чаткалда кыргыздар менен кытайлардын ортосунда чыр чыкты

 
Жалал-Абаддын Чаткал районундагы "Альянс" компаниясында иштеген кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда жаңжал чыкты. Окуя 24-июлда болду. Маалыматтарга таянсак, "ичүүчү сууну булгабагыла" деп компанияга барган жергиликтүү тургунду ишканада иштеген кытайлар сабап салышкан. Учурда жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерде териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми "Альянс" компаниясынын аткаруучу директору Абдысейит Каримбеков: "Окуя жумуш учурунда болгон. Фирманын кызматкерлери менен жергиликтүү жашоочулар өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда абал тынч",- деп билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: