super.kg logo
  Спорт  

Орусиянын Тергөө комитети "Москвада өткөн көк бөрүдө жаныбарларга орой мамиле жасалды" деген маалыматты текшерет

 

Орусиянын Тергөө комитети "Москвада өткөн көк бөрүдө жаныбарларга орой мамиле жасалды" деген маалыматты текшерет. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Белгилүү болгондой, аталган маалыматты текшерип, тиешелүү чара көрүү тапшырмасын Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин берген. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен оюн өткөн ипподромдун жетекчилиги, уюштуруучулар жана катышуучулар жазаланышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 24-февралда Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн 4 командасы катышкан көк бөрү оюну уюштурулган. 5 миң кишиге ылайыкталган ипподромго 10 миңдей ар түркүн улуттун өкүлдөрүнөн көрүүчүлөр келип, оюнду көрүшкөн.

Оюндан кийин интернетке аттардын оозу канаган сүрөттөрү тарап, жергиликтүү жаныбарларды коргоо уюмдары, социалдык тармактардагы колдонуучулар жаныбарларга болгон аёосуз мамилени сынга алып, мындай нерсеге жол бергендерге чара көрүлүүсүн талап кылышкан.

Өткөн жылдын аягында Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, балдардын көзүнчө, топтошкон элдин алдында же түз эфир учурунда жаныбарларга аёосуз мамиле кылган адамдардын жаза мөөнөтү 5 жылга чейин узартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
28.02.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өзүбүздүн жерде эле ойной бергилечи биздин улуттук оюндарды ал сыйлоочу беле
28.02.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец туура кылат бироонун жеринде жон эле журуш керек
28.02.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көкбөрү биздин улуттук ойун,ошондуктан аны түшүнүү ойноо бизге гана тиешелүү. Бирок улуттук ойунду өнүктүрүү дүйнөгө таанытып жайылтуу туура дечи,бирок тиги орусияда ойногонго балее барбы деймда,алар эмнени түшүнөт. Аларда жаныбарларды коргоо үчүн мыйзамдар күчүндө да,аларга өөн учурайтда чапкылап теминип атсаң аттарды. Жөөөн эле койушпаптырда орусияга барып улак тартышпай.
28.02.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапайылар деп болбой эле калышса керек. Оздорун ото маданияттуу элестетишет эмесби.
28.02.2019. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Асмандагы буркутту самолёт келип уркутту, ушуну менен туугандар Москвада кок бору бутту.
01.03.2019. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,ха ха
28.02.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болду эми дальше болбосо керек,орустар эми точно жол бербейт.
02.03.2019. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазалаш керек. Туура кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: