super.kg logo

Эл өкүлү: "Сары-Челек" коругуна барган туристтерден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтырып, 5 миң сом алган токойчулардын айлыгын көтөрүү керек"

 

Бүгүн, 28-февралда парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселе каралып жаткан учурда депутат Алмазбек Эргешов "Сары-Челек" коругуна барган туристтерден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтырууну сунуштады.

Эл өкүлү быйыл "Сары-Челек" коругунун уюшулганына 60 жыл толуп жатканына токтолду.

"Деӊиз деӊгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан корук 24 миӊ гектар жерди ээлейт. Анда миңге жакын жаныбардын түрү бар. Коруктун тегерегинде 1200дөй түтүн эл жашайт.

"Сары-Челекке" Илим изилдөө институтунун филиалын ачып, изилдөөлөр жүргүзүлсө максатына жеткен болот. Мындан тышкары 5 миң сом алган токойчулардын айлыгын көтөрүү, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн бул аймакка туризмден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу керек", - деди Эргешов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.02.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жыл мурун эки кунго Сары Челекке эс алууга баргам.Кире бериште адам жана машина учун акча алышканы жакшы,бирок условия жок!Менимче эн коп акча тапкандар катер мингедер мн суротко тарткандар окшойт))).Ар бир кругуна адам башына 200дон 500го чейин алат экен 8 и 12 адам батат экен.Бир кругуна эле 1500ден 4000ге чейин иштеп атат,адам очередде турат.Кечке чейин элестет канча таап койот.Кароолчуларга жакшыраак акча берсен,коруктан чыкпай туноп калсан болот экен )))
28.02.2019. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулат элем токойчулардын айлыгын которушун,и башка областардагы токойчулардын айлыгын которуусун суранат элем.Экологояны сакташ керек дешет а токойчу карабаса жон эле кыркып кетишет,ошон учунда которуш керек.Урматтуу админ токойчулардын айлыгы жонундо бир макала которсонуздор жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: