super.kg logo
  Саясат  

Сот Алмазбек Атамбаевди 3 саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди

 

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 15-февралда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана "Апрель" телеканалына карата берилген доо арыздын негизинде соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө экс-президенттин интервьюсун көрсөткөн "Апрель" телеканалына тагылган айыптар алынды. Соттун чечими менен экс-президент Алмазбек Атамбаевден доогер Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин пайдасына 100 миң сомдон өндүрүлөт.

Доогерлер өндүрүлгөн акча кайрымдуулукка жумшаларын билдиришти. Экс-президенттин жактоочулары райондук соттун чечимине макул эместигин жана жогорку инстанцияларга даттануу менен кайрыла турганын маалымдашты.

Буга чейинки соттук отурумда телеканалдын жана экс-президенттин жактоочулары Алмазбек Атамбаевдин маегинин текстине лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү сунушташкан болчу.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт. Доогерлер телеканал алардын кадыр-баркына шек келтиргенин айтышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылаптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана анын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен.

Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: