Оңдоо иштери 2 жылга созулуп, 118 миллион сом мыйзамсыз сарпталды делген Тарых музейи качан ачылат? Тиешелүү мекемелерден жооп





2016-жылдан бери оңдолуп бүтпөй, оңдоо иштеринде 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулган делген Тарых музейи кайра качан ишке кирери дале белгисиз. SUPER.KG порталы бүгүн, 28-февралда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганда музейдин качан ишке кирери али белгисиз экенин айтышты.
"Музей качан ачылат деген суроого так жооп бере албайбыз. Себеби ал тууралуу эч кандай маалымат жок, азырынча белгисиз. Тарых музейи биздин карамагыбызда, бирок бул суроо менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылуу керек. Себеби музейде аткарыла элек майда жумуштары калган болчу", - деп министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак-жай жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов: "Музейдин ичиндеги курулуш иштери толугу менен аяктаган. Музейдин имаратынын ичи заманбап стандартта жасалган. Анда жадакалса айрым экспонаттарды күндөн коргоо үчүн атайын пардалар орнотулган. Экспонаттардын жанында электрондук таблолор орнотулган, анда ал экспонат тууралуу кыргыз, орус жана англис тилинде маалымат камтылган. Баары тең заманбап техникалар менен жабдылган.
Музейдин эл аралык, заманбап стандартта иштөөсү үчүн жабдыктарды Германиянын фирмасы орнотту. Бул жумушту колго алган компания аларга акча которуп бериши керек болчу. Депутаттар музейде коюлган айрым экспонаттар өтө кымбат болуп калганын айтып чыгышкан. Ошондон бери жабдыктарды орнотуп кеткен фирманын өкүлдөрү өлкөгө келе элек. Музей ишке кирүүсү үчүн алар жабдыктардын кандай иштей турганын көрсөтүп бериши керек", - деди Каримжанов.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Башкы прокуратура 2018-жылы 26-декабрда тараткан маалыматына ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында музейди оңдоп-түзөө иштеринде 118 миллион 215 миң сом акча мыйзамсыз колдонулганы аныкталган. Музейдин айланасында каржылык мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу бир нече кылмыш иштери козголгонун Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламент жыйынында билдирген.










1 |