"Акыркы күндөрү көбүрөөк ичип калган" дейт бир айдан бери дайынсыз жоголуп жаткан Мелис Рысбаевдин эжеси



Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Гүлистан айылынын тургуну Мелис Рысбаев изделүүдө. Бул тууралуу анын эжеси Мыскал Рысбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон жаран 30 жашта.
"Иним айылдан 6-январь күнү Бишкекке иштегени келген. Ал шаарда нан жабуучу жайда иштеп жатканын айтып, күндө сүйлөшүп турчубуз. Акыркы жолу 29-январда сүйлөшкөнбүз. Айта кетчү нерсе акыркы кездери ал ичкиликке берилип калган. Маалыматым боюнча, инимди 164-маршруттук каттамдын акыркы аялдамасынан көргөндөр бар экен", - деп билдирет Рысбаева.
Изделип жүргөн жаран сүрөттөгү кийимдерин кийип жүргөн боюнча жоголгон.
Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге байланышууну өтүнөт.
Байланыш телефону: +7 999 854 55 09, +7 925 866 00 74
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
abusait

01.03.2019. 06:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш эле жигит экен .Табылып калсын .
kyrgyzstan_93

01.03.2019. 10:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abusait,башка сайттан табылды деп журот го, Мелис деп жакшы бала эле неге коп ичип кетти экен аа 2 жыл алдын Новосибирскбе бирге иштегенбиз бул бала мн.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.