super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүздөгү автокырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабырлануучуларга бөлгөн акча ээлерине тапшырылды

 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмил Каптагаев 24-июлда Жети-Өгүз районунун Кытай айылында жол кырсыгынан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана өзүнүн атынан көңүл айтты. Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана кырсыктан жабыркагандарга президент бөлгөн акчалай жардамды тапшырды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 50 миң сомдон, жабыркагандарга 20 миң сомдон жардам берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: