Кара-Кулжада жолдун ортосундагы темир тосмону сүзгөн унаанын айдоочусу каза болду





Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-февралдан 28-февралга караган түнү 00:30 чамасында катталган.
"Чүй облусунун тургуну А.уулу.Ү. өзүнүн Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Кулжа айылында бара жатып, рулду башкара албай жолдун ортосун бөлүп турган тосмону сүзүп алган. Айдоочу кырсык болгон жерден каза болгон. Учурда Кара-Кулжа РИИБинин тиешелүү экспертизалар дайындалып кырсыктын келип чыгуу себеби текшерилүүдө", - деп билдирет маалымат катчы.
Кара-Кулжадагы жол кырсыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Акырети абат болсун!