super.kg logo

Картошканы темир жол аркылуу экспорттогондорго эки айга жеңилдиктер берилди

 

Картошканы темир жол аркылуу экспорттогондорго эки айга жеңилдиктер берилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чечимге ылайык, “Кыргыз темир жолу” ишканасына жүк жөнөтүүчүлөргө 1-майга чейин картошканы темир жол аркылуу ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө 50 пайыздык жеңилдиктери берүү сунушталган.

Өкмөттүк аппарат бул чечим айыл чарба продукцияларынын экспортун илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын билдирди.

Чечимде белгиленгендей, "Кыргыз темир жолу" ишканасы картошканын көлөмүн жүк жөнөтүүчүлөрдүн буюртмаларынын негизинде түзүп, вагондорду өз убагында камсыздоо үчүн экспортко жиберилип жаткан картошканы вагондордон кечиктирбей түшүрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманы ташылып кирүүсүнө тыюу салган. Бүгүн, 28-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков аталган маселе боюнча Казак өкмөт башчысынын орун басары Женис Касымбек менен Астана шаарында жолугушуп сүйлөштү. Казак өкмөтү чектөөнү алып салууга даяр экенин, бирок 2018-2019-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан ташылып келип жаткан жүктөрдү текшерүүдө 465 фитосанитардык талаптардын бузулушу каралып чыккандан кийин гана даяр экенин белгилеген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: