super.kg logo

Милициянын сурагынан кийин каза болгон жарандын сөөгү жерге берилген соң казып алынган. Сот Өзгөндөгү 14 жыл мурунку окуя боюнча чечим чыгарды

 
14 жыл мурун Өзгөн районунун тургуну Турдубек Акматов мал уурулукка шектүү катары Мырзаке айылындагы милиция бөлүмчөсүндө суракка алынгандан кийин үйүнө барып каза болуп калган. Анын өлүмү боюнча иш козголуп, сот 14 жылдан кийин чечим чыгарды. Бул боюнча жактоочусу Сардор Абдухалилов төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Акматов 2005-жылдын май айында уурулук фактысына шектүү катары милиция бөлүмчөсүндө 10 саат суракка алынып, 6 милиция кызматкеринин кыйноосуна кабылган. Анын уурулук фактысына тиешеси жок экендиги аныкталгандан кийин ал жерден чыгарылат. Үйүнө барган күнү кечинде алган жаракатынан улам каза болуп калат. Анын сөөгү жерге берилген. Бирок анын өлүмү боюнча эч кандай кылмыш иши ачылган эмес. Арадан аз убакыт өткөндөн кийин сөөгүн казып алышып, кыйноо фактысы боюнча эмес, "адам өлүмү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Прокуратура милиция кызматкерлеринин аракетинен кылмыштын белгилерин таба албай 8 ирет кылмыш ишин жандантып, кайра токтотуп койгон. 2011-жылы маркумдун атасы БУУнун Адам укуктарын коргоо боюнча комитетине кайрылат. Ал комитет 2015-жылы Акматовдун укуктары бузулганы боюнча чечим чыгарган. Анда маркумдун үй-бүлөсүнө моралдык, материалдык зыяндын ордун толуктоо үчүн кенемте төлөнүп берилиши керектиги белгиленген. Анын негизинде Финансы министрлигинен 13 миллион 500 миң сом кенемте төлөтүп берүүнү өтүнүп Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна арыз бергенбиз. Райондук сот 2018-жылдын октябрында арызды карап 200 миң сом төлөтүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Ага макул болбой шаардык сотко кайрылганбы? 27-февралда шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып койду", - деди жактоочу Абдухалилов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
01.03.2019. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 жыл созуп отурбай убагында эле жакшы териштирип, чечим чыгарышса болотда. Бул жерде да коррупция. Жакын арада онолбой калдыго Кыргызстан .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: