Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок деп табылды
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 24-июлда өткөн жыйынында Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок деп табылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Шайлоо ушул жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн. Жыйында шайлоо мыйзамдарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынып, аймактык шайлоо комиссиясынын бир нече жолку укук бузууларын текшерүү боюнча комиссия түзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

