super.kg logo

Ошто жашылдандыруу иштеринде жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилет

 

Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлыкты өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болду.

Анда Ош шаарынын аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып, аны өткөрүү боюнча пландар талкууланды.

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова шаарда бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, гүл бакчаларды жана газондорду өстүрүү, ошондой эле шаардын аймагындагы арыктарды тазалоо иштери башталганын билдирди.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2018-жылы Ош шаарынын аймагына 1 600 000 гүл эгилген болсо, быйылкы жылы 2 миллион гүл эгилет. Ошондой эле 3 миң түп жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөр, 37 миң бадам көчөтү отургузулат. Ар бир мекеме-ишкана, соода-сатык түйүндөр, көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөр биздин комбинат тарабынан отургузулган гүлдөрдү гана карап отура бербестен, өздөрүнүн короолоруна гүл эгүүнү сунуштайм”, - деди Наватова.

Белгилүү болгондой, 3 айлыктын негизинде Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо боюнча атайын иш-чаралардын планы бекитилет.

"Шаарыбызда жалпысынан 400дөн ашуун ар кандай деңгээлдеги көчөлөрүбүз бар. Алардын бардыгынын тазалыгын камсыз кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, мекемелер, уюмдар, ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, көп кабаттуу жана жеке үйлөр арасында эң мыкты жыйынтык көрсөткөндөргө атайын сыйлыктар тапшырылат”, - деди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.03.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат,баары жапа тырмак киришсе иш илгерилейт,анын иши менин ишим эмес деп кол шилтеп койбостон.Стимул болуптур да белектерди да уюштурган болсо...
01.03.2019. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура бирок мектеп садик больницада иштегендерден башка эч ким чыкпайт баягы эле байкуш мугалимдер бир нерсе болсо да балээге калган мугалим ишке да ушулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: