super.kg logo

Жогорку Кеңеште мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

 

Кечээ, 28-февралда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды ички иштер органдарына өткөрүп берүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.

Мыйзам долбооруна ылайык, таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды жана патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. "Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөп берилмекчи. Өз менчиги болбогон же таап алган ок атуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Алар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу 1190 курал жоголсо, 232 курал кайтарылып берилди, учурда 633 курал издөөдө турат. Ошондой эле ички иштер органдары тарабынан 39 835 аӊчылык куралын колдонууга уруксат берилген. Андан тышкары чет өлкөлүк жарандарга 157 тапанча сый катары тартууланган", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: