super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу-2019: 2 кыргыз бильярдчысы чейрек финалга өттү

 

Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалдык оюндары жыйынтыкталып, чейрек финалга чыккан атаандаштар белгилүү болду. Алардын арасында Кыргыз өлкөсүнөн барган Дастан Лепшаков менен Канат Сыдыков да бар.

Дастан Лепшаков жарым чейрек финалга чыгуу үчүн казакстандык Арби Муциевди 6:0 эсебинде утса, чейрек финалга чыгуу үчүн беттеште 6:1 эсеби менен молдовалык Владимир Рейести жеңип алды.

Ал эми Канат Сыдыков 1/16 финалда орусиялык Леонид Швыряевди 6:3 эсебинде жеңип алса, 1/8 финалда дагы бир орус бильярдчысы Никита Ливаданы 6:2 эсеби менен утуп алды.

Чейрек финалда Лепшаков өзбекстандык Шахзод Мамиров менен беттешет. Ал эми Сыдыков орусиялык Семён Зайцевге каршы ойнойт.

Чейрек финалга 2 кыргыз бильярдчысынан башка 4 орусиялык, 1 өзбекстандык жана 1 молдовалык спортчу жолдомо алды.

Аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден 84 спортчу келген.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышып, алардын алтоосу 1/16 финалга чейин жеткен.

Каныбек Сагынбаев менен Ызат Ратбеков 1/16 финалда атаандаштарына уттуруп жиберсе, Арсен Каленбаев менен Азиз Мадаминов жарым чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.03.2019. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: