super.kg logo
  Саясат  

Бектур Асанов: "Мен кекчил эмесмин, бирок бизди каматкан Атамбаев жоопко тартылышы керек"

 

"Мен кекчил эмесмин, бирок мени мыйзамсыз соттогондор жоопко тартылышы керек". Мындай пикирин бүгүн, 1-мартта маалымат жыйынында экс-губернатор Бектур Асанов билдирди.

"Биз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен камалганбыз. Аны менен 1996-жылдан бери таанышмын. Ал эми ортодо болгон тиреш 2010-жылы башталды. Пикир келишпестик "Чаарат" кен казуучу жайдан чыккан. Ал жердеги жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн тирешүүсү бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Атамбаев ал жылы тендер өткөрмөй болгон, бирок анын баары мыйзамсыз эле.

Кийин Атамбаев "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башчыларын алмай болгон, бийликтин өкүлү катары буга каршы чыккам. Министр кезимде башка кызматка өтүү сунушун киргизгенде баш тарттым, ошондон тирешүүбүз күч алды. Атамбаев саясий кылмыштуулук түптөп алган, анын катарында Сегизбаев, Жолдубаева, Фарид Ниязов болгон. Бизге тиши өтпөй калганда каматты. Абакта отурганыбызда да кысым көрсөтүлдү. Алар жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Асанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: