super.kg logo
  Саясат  

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров соттолгон деген статусту жоюуга жетишсе парламенттик шайлоого катышарын билдиришти

 

Кыргыз мамлекетинин мурунку президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көздөөдө. Мындай пикирин бүгүн, 1-мартта маалымат жыйында камактан бошотулган саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыров билдирди.

"Алмазбек Атамбаев учурда өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракеттерин көрүүдө. Соттолгондугубуз алынбаса да биз шайлоого катышууну көздөп жатабыз. 2020-жылга чейин соттолгон деген статусубузду жоюуга аракет кылабыз. Бул маселе чечилбей калса, өз атыбыздан чыга албасак кайсы бир саясий топко кошулабыз. Биз саясатта болгонбуз жана саясаттан кетпейбиз", - деди Кадыров.

Экс-губернатор Бектур Асанов "бизди каматып, соттоткон күнү да биз саясаттан кетпейбиз" деп кошумчалады.

Аты аталган саясатчылар 12-февралда мөөнөтүнөт мурда бошотулушкан, бирок акталган эмес.

"Президент жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамга айрым чектөөлөрдү киргизген документке ылайык, мурда соттолгондор шайлоого талапкер катары катыша алышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: