super.kg logo

Бүгүнтөн баштап QIWI төлөм операторунун эсептеги каражаттары камакка алынды

 

Бүгүн, 1-марттан баштап QIWI төлөм операторунун эсептеги каражаттары камакка алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.

Аталган банктын маалыматына караганда, "Тез төлөмдөрдүн бириккен системи" ЖЧКсынын менчик ээлеринин арызы боюнча сот тарабынан кабыл алынганы айтылды. Ошол чечимге ылайык, аталган коомдун коммерциялык банктардагы эсептери камакка коюлган.

Төлөм системинин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени эскертилди.

еректөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында Улуттук банк тарабынан "Тез төлөмдөрдүн бириккен системи" ЖЧКсы 2019-жылдын 1-мартынан тарта камакка алынды. Бул төлөм системдери аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү кабыл алууну убактылуу токтотуу тууралуу жазма буйругу берилген", - деди Улуттук банктын басма сөз кызматы.

Ал эми Улуттук банк альтернативдик төлөм системдерди жана төлөмдөрдү кабыл алуунун башка ыкмаларын колдонууну сунуштайт.

Улуттук банк мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде төлөм системине карата тобокелдикке жол бербөө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: