super.kg logo

ИИМ: "Каза болгон милиция кызматкери гепатит оорусу менен жабыркап келген. Ал дарыгерлерге кеч кайрылган"

 
Каза болуп калган Адилет Акунов.

Ооруканага кайрылып, бирок эртеси каза болуп калган милиция кызматкери дарыгерлерге кеч кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

"Каза болгон Токмок РИИБинин милиция кызматкери Адилет Акунов 5-январда ИИМдин поликлиникасына саат 17:15те кайрылган экен. Ал дарыгерге "дене боюм тердеп, оозум кургап, кыйналып жатам" деп айтыптыр. Ал күнү ишемби болгондуктан тиешелүү анализдер керектелген. Акуновдун кайрылгандыгы тиешелүү журналдарда катталган. Ички иштер министрлигинин поликлиникасында аны кабыл алган дарыгер анализ тапшырып келүү үчүн республикалык ооруканага жөнөткөн. Бирок Акунов кайра ооруканага келген эмес. Эртеси күнү дарыгер республикалык ооруканага кайрылып, Акунов барган же барбагандыгын аныктаган. Ооруканага кайрылгандын эртеси күнү эле ал каза болуп калгандыгы кабарланган. Маркум гепатит С илдети менен жабыркап жүргөн экен. Азыркы күндө тиешелүү анализдин жыйынтыктары жок ооруканага албайт да. Каза болгон милиция кызматкери кайра ооруканага барган эмес. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
02.03.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх жаман болуптур жаш элекен, айланайын кыргызым эртерээк аракет кылгылачы, коп байкайм биздин элибиз ушунчалык чыдамкай журо беришет оорлошуп калгыча. Жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: