super.kg logo

Казакстан Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба продукциясына койгон чектөөсүн алды

 

Казакстанга Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарба продукциясын киргизүүдөгү убактылуу чектөөнү алуу боюнча протоколго эки тараптуу кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Кечээ, 28-февралда Астана шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолукту. Разаков Казакстандын өкмөт өкүлү менен ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында үстүбүздөгү жылдын 19-февралында киргизилген Казакстанга картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөөнү алуу боюнча протоколго кол коюлду.

Мындан тышкары Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланган. Тараптар Кыргыз Республикасына казакстандык комиссияны жөнөтүүгө макулдашты. Алардын сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз мамлекетинин ветеринардык көзөмөлүнүн эквиваленттүүлүгүн таануу жана Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү алуу жөнүндө маселе ЕАЭБ кеңешинин 2019-жылдын 29-мартына белгиленген кезектеги жыйынына чыгарылат", - деп билдирди өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы.

Ошондой эле тараптар айланма Чүй-2 каналынын курулушу, Чу дарыясынын бассейниндеги сууну эсептөөнү автоматташтыруу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз өлкөсүнүн делегациясын Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.03.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооздуктап койолу деген экен да,раслабуха кармап кетпесин кыргыз туугандар деп...
01.03.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми баары чирип, соолуп жок болгондон кийин ачылганынын эмне кереги бар эле, казактарга суу керек болот да, өзүлөрүнүн камын ойлошкон экен. Керексиз убакта жаап, керектүү убакта ачып коюшат. Биздин келесоолорго баары бир. Эми көрөбүз го, баары бышканда, аларга суунун кереги жок болуп калганда кайра жаап коюшат
Aikaaaa түзөттү 2019-03-01 16:18:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: