Кыргыз-Орус Славян университетинин мугалими студент кызга сексуалдык мүнөздөгү кат жазды деп тараган маалымат боюнча териштирүү жүргүзүлөт
Борбор калаадагы Кыргыз-Орус Славян университетинин мугалими студент кызга сексуалдык мүнөздөгү кат жазды деген маалымат боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
"Бул маалымат боюнча Бишкек ШИИББинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзөт. Эгер арыз менен кайрылышкан болсо бул факт кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Эгер андай болбогон болсо, социалдык тармакта тарап жаткан маалымат боюнча текшерүү иши жүргүзүлөт", - деди Асанов.
27-февраль күнү интернеттеги "Анти КРСУ" баракчасына Кыргыз-Орус Славян университетинин мугалими Д.Б. менен студент кыздын WhatsApp аркылуу жазышканы жарыяланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.