super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Улуттук энергетикалык холдингде" пайдасы жок 43 бекерчи отурат"

 

Депутат Рыскелди Момбеков "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын эмне кылып жатканы белгисиз экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясында пайдасы жок 43 бекерчи отурат. "Алар менен эч ким деле эсептешпей калды. Эч кимге пайдасыз компанияны Кубанычбек Турдубаев, Айбек Калиев, Азамат Оморов деген үч киши түзгөн. Азыр алар менен Казакстандын Энергетика министрлиги сүйлөшпөйт. CASA-1000 долбоору дейсиӊер, өзүӊөргө жетпей жатса, анан кайсы электр энергиясын экспорттойсуӊар? Ал үчүн "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, Энергетика министрлигин калыбына келтириш керек, ансыз бул маселени чече албайсыӊар", - дейт Рыскелди Момбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетикалык тармактагы мамлекеттин үлүшүнүн бардык пакетин Энергетика министрлигине берип коюуга болбой турганын билдирди. "Энергетикалык компаниялар бириктирилиши мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да, "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын иш-милдети Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилбейт. Анткени алар бири-биринен айырмаланып турат", - дейт Боронов.

Фракция лидери Иса Өмүркулов Бороновго "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясын коргоонун зарылчылыгы жок экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: