Депутат Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүү боюнча өз оюн түшүндүрдү
Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирген.
Ал Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөй жатат деген пикирин айткан.
Эл өкүлүнүн мындай сунушун коомчулук сын-пикир менен кабыл алды. Бул тууралуу депутат өз оюн түшүндүрдү.
"Ар бир облусту бөлүп берели деген ой болгон эмес. Ал жакта гранттар жөнүндө сөз болгон. 26 жылдын ичинде 3 миллиард долларга чейин грант алган экенбиз. Бул каражаттар ар кайсы тармактарга бөлүнүп кетип, сарамжалдуу колдоно албаптырбыз. Ошондуктан ар бир грант берип жаткан өлкөлөрдөн келген каражатты облустарды өнүктүрүүгө жумшап, Япония, Орусия, Германиянын модели менен өстүрөлү, келген гранттарды эффективдүү пайдаланалы деген ой. Мисалы, келген гранттар Нарын облусунун билим берүү тармагына, Ош облусунун саламаттыкты сактоо тармагына деп чачыранды бөлүнүп калууда. Ошол себептен Япония бир эле облусту көтөрүп чыксын. Облустагы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын, жолдорду Япониядагыдай татынакай кылып чыкса жакшы да", - дейт Жапаров.
Жапаров облустарга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн желегин илип коюу керек деп айткан. Бул Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө таасирин тийгизбейби деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.
"Бул пикирге мен кошулбайм. Анткени кайсы облуска кайсы мамлекеттен грант келсе ошол өлкөнүн желеги илинип турушу керек. Биз ал мамлекеттин желегин көрүп дароо биле алабыз. 4 айдан бери кредиттик гранттар боюнча жумушчу топ түзүлүп, изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлерди туура кабыл алам. Анткени ар ким өз оюн айтууга укуктуу. Бирок мен бул сунушту 2008-жылы айтсам, эл 2018-жылы түшүндү", - деп жооп берди эл өкүлү.
Акылбек Жапаров аймактарды башка өлкөлөргө берүү тууралуу айтканынан кийин билдирүү жасады

