Күн 21 градуска чейин жылыйт. Март айында күтүлгөн аба ырайы
Бүгүн, 1-март. Өлкө аймагында күн жылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда абанын температурасы 13 градуска жетүүдө. Ал эми Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында абанын температурасы 11 градус болуп жатат.
Кыргызгидрометтин тараткан маалыматына караганда, март ичинде күн жылуу болуп, ошол эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда 21 градуска чейин жылыйт.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, термометр +4...+7 градуска жетип, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +1...+3 градус жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө болушу мүмкүн. Кээ бир күндөрү абанын түнкү температурасы -3…-8 градус суукка, күндүз 0...+5 градус жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт. Ай ичинде көпчүлүк күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан +2...+7 градус жылуулукка чейин, күндүз +8…+13 градус жылуулуктан +15...+20 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 43-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 30-52 мм).
Талас облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, +3…+5 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градус суукка, күндүз 0…+5 градус жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 1…+6 градус жылуулукка чейин, күндүз +7…+12 градус жылуулуктан +14…+19 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (35-37 мм).
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп +7…+9 градус, тоо этектериндеги райондордо +3…+5 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын башында кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус суукка, күндүз +1…+6 градус жылуулукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…+5 градус жылуулуктан +6...+11 градус жылуулукка чейин, күндүз +10…+15 градус жылуулуктан +16…+21 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2...+3 градустан +4...+9 градус жылуулукка чейин, күндүз +7…+12 градус жылуулуктан +13…+18 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (26-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 34-122 мм).
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп +2…+4 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан +1…+6 градус жылуулукка чейин, күндүз 0…+5° жылуулуктан +6…+11 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (5-16 мм, чыгышында 29-35 мм).
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, 0…+2 градус жылуу, Кочкор районунда +1…+3 градус жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз 0…+5 градус жылуу болушу айдын биринчи жарымында күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 0…-5 градус суукка, күндүз +3…+8 градус жылуулукка чейин, Кочкор районунда +10...+15 градус жылуулукка чейин болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (20-35 мм).
Алай өрөөнүндө
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп -7…-9 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градус сууктан -15…-20 градус суукка чейин, күндүз -3…-8 градус сууктан 0…+5 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан жогору болушу күтүлөт (32-34 мм).
Суусамыр өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болуп, -7…-9 градус суук болушу күтүлөт. Абанын эң төмөнкү температурасы айдын биринчи он күндүгүндө күтүлөт. Түнкүсүн -18…-23 градус, күндүз -1…-6 градус суук болушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз +3…+8 градус жылуу болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт (23-25 мм).







1 |