super.kg logo

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу бир дагы келишимсиз аяктады

 

27-февралда АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Вьетнамдын борбору Ханой шаарындагы отелдердин биринде жолугушуп, кечки тамактанууну чогуу өткөрүшкөн. Тараптардын негизги сүйлөшүүлөрү кечээ, 28-февралда да уланды.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу бир дагы келишимсиз аяктады. Мындан тышкары сүйлөшүүлөр белгиленген мөөнөттөн бир топ убакытка эрте бүткөн.

АКШнын Ак Үйдөгү маалымат катчысы Түндүк Кореянын лидери "Корей жарым аралын ядерлик куралдан арылтуу" боюнча макулдашууну аягына чыгарууга макул болгон эмес. Трамп ага чейин Түндүк Корея ядерлик куралдан баш тартса алардын экономикасы жогорку баскычка чыгарын айтып, оптимисттик маанайда жолугушууну баштаган. Бирок ал күткөн жыйынтык болбогондугун маалымат каражаттары жазууда.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Дональд Трамп маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерге: "Алар санкцияны толугу менен алып салууну каалап жатышат, биз буга макул боло алган жокпуз. Түндүк Корея ядерлик куралды сыноону токтотот деп ишенем, мен анын сөзүнөн кармайм", - деп айткан.

Ал эми Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо АКШдан санкцияны толугу менен эмес, жарым-жартылай алууну сураганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: