Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев мамлекеттик катчы болуп дайындалды
Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев өлкөнүн мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Мындай маалымат Акордонун сайтына жарыялады.
Тийиштүү жарлыкка президент Нурсултан Назарбаев бүгүн, 1-мартта кол койгон.
Сагинтаев башында турган өкмөт 21-февралда эле Нурсултан Назарбаевдин сынынан кийин отставкага кеткен. 25-февраль күнү биринчи орун басары болуп иштеген Аскар Мамин Назарбаевдин жарлыгы менен өкмөт башчылыкка дайындалган.
Бакытжан Сагинтаев казак өкмөтүн 2016-жылдын сентябрынан 2019-жылдын 21-февралына чейин жетектеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.