ЖЭЭНБЕКОВ: "Бир мамлекет облуска жардам берсе, ал жерге желегин илиш керек деген туура эмес"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Равшан Жээнбеков Акылбек Жапаров бул идеяны кандай мааниде айтканын түшүнбөгөнүн айтты.
“Чынын айтсам, бул идеяны түшүнгөн жокмун. Негизи Акылбек Жапаровдун идеялары жакшы. Ал көп окуган депутат. Акылбек Жапаров кандай мааниде айтканын билбейм. Мүмкүн ал ар бир облусту кандайдыр бир өлкөлөр менен жакындатайын дегендир. Ар бир облусту башка өлкөлөр менен жакын кылалы деген идея дүйнөлүк практикада бар. Ал эми ар бир облусту бир мамлекетке өткөрүп берем деген туура эмес болуп калат. Жергиликтүү бийликтердин өз алдынча болушу керек деген жагынан анын кандайдыр бир идеясы туура болушу мүмкүн. Ар бир облус өз-өзүнчө мамлекет болушу зарыл. Мэрлердин, облус башчыларын эл шайлоо кажет. Ал облустар бири-бири менен атаандашы керек. Чет мамлекеттер менен мамиле түзүү, инвестиция тартуу боюнча облустар бири-бири менен атаандашуусу шарт. Бир мамлекет облуска жардам берсе, ал жерге желегин илиш керек деген туура эмес. Мындай дүйнөлүк практикада жок”, - дейт Жээнбеков.
АБЫЛОВ: "Эл башкарам деген эл өкүлдөрүнүн бул айтканы уят"

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
Күмөндөр Абыловдун айтуусунда, кичинекей элди багып ала турган кыргыздын билимдүү жигиттери ичип-жегенден башканы ойлобой отурушат.
“Эл башкарам деген эл өкүлдөрүнүн бул айтканы уят иш. Колумдан келет деп бир ишти алып, кайра жасай албай калдым деп ыргытып жиберген бала сыяктуу болуп жатат. Коомчулукка ушинтип айтсак, алардын реакциясы кандай болот экен, эгер эл макул болсо облустарды башка өлкөлөргө тарата салып, ошол жактан акча өөнөй калсак деген ойлору болду.
Кичинекей элди багып ала турган сомодой болгон кыргыздын билимдүү жигиттери ичип-жегенден башканы ойлобой отуруп, кыргызды барар жери жок туңгуюкка кептеп жатышат. Карапайым адамдар мамлекеттин келечегин ойлоп жатышканда депутаттардын бийликке барып алып айткан кептери адамдын жинин келтирет. Эл ушинтип "бизди чилдей таратып жибергиле, ар кимдин колуна салып бергиле" деп шайлады беле? Бул баарыңардын оюңарбы же жалгыз эле Жапаровдун оюбу? Өзүңөрчө кеңешип алып, анан айтып жатасыңарбы? Мындай кыларыңар анык болсо, эмне үчүн тоо-таштын баарын бүлүнтүп, ар кимиси көк бөрү тарткансып туш-тушка уурдай качып, карызга белчебизден бата электе айтпайсыңар? Эмне үчүн өзүңөр укум-тукумуңарга чейин жетерлик байлык топтоп, келечегиңерди куруп алганча айтпайсыңар? Уят деген барбы силерде?!” - дейт Абылов.
ТУРДУКУЛОВ: "Жапаров келген гранттарды чар-жайыт кылбай туура багытта пайдалануу керек деген ойду айткан"

Жарандык активист
Адил Турдукулов эл өкүлүнүн мындай билдирүүсү жүйөлүү иш экенин айтты.
"Депутат Акылбек Жапаровдун билдирүүсү жарым-жартылай коомчулукка жарыяланып кетиптир. Андан кийин Жапаровдун билдирүүсүн окудум. Анда ою башкача экен. Ал ар кайсы жактан келген гранттарды чар-жайыт кылбай бир багытта, ар бир облуска бөлүштүрүлсө туура болот деген ойду билдириптир. Эл өкүлүнүн мындай билдирүүсү менин оюм боюнча жүйөлүү эле иш. Анткени ал дагы иштин кандайдыр бир жолун таап жатат. Мисалы, мен Кыргыз мамлекетинин Япониядагы элчилигинде иштегем. Ошол учурда Ысык-Көл облусунда кураторлук кылчумун. Көп ишкерлер инвестициясын Ысык-Көлгө тартса, туризмге салым болсун деген багытта иш алып барчубуз. Депутаттын айтканы нормалдуу эле иш", - деди Турдукулов.