super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Рита Карасартова: "Аймактарды бөлүп, таратып беребиз деген күлкү келтире турган иш"

 

Депутат Акылбек Жапаров Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштаганы коомчулукта түрдүү пикирди жаратууда. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.

"Облустарды 6 чоң өнүккөн өлкөгө бөлүп койсок болот. Андан ары майдалап, 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу", - деди ал жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берип жатып.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин өкүлү Кыргыз мамлекетинин облустарын өнүктүрүү вазыйпасын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Эгемендүү өлкөгө мындай демилге туура келеби?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Ал эл өкүлү Кыргыз мамлекетин биз өнүктүрө албасак, башкалар өнүктүрүп берсин деген ой менен айтса керек дейт.
“Акыл-эси ордунда киши жөн эле бөлүп беребиз деп айтпашы керек болчу. Аймактарды бөлүп, таратып беребиз деген күлкү келтире турган иш. Бирок эл өкүлү "биз эч нерсени алдыга жылдыра албай жатабыз. Ошол себептен өнүккөн өлкөлөргө 7 облусту бөлүп берели. Жок дегенде ошол мамлекеттер аймакты өнүктүрсүн" деп ичи күйгөндөн айтса керек деп ойлойм. Ал эми иш жүзүндө ошол нерсе айтылган болсо бул өкүнүчтүү. Себеби мамлекетибиз билинбегени менен, чын эле өзүнүн эгемендүүлүгүн ар кайсы өлкөгө майда жолдор менен болсо да сатып жатканын көрүп турабыз”, - деди Карасартова.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов, жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев жана саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: