super.kg logo

Кытайлык окумуштуу дүйнөдө биринчи жолу түйүлдүктүн ДНКсын өзгөртүү боюнча операция жүргүзгөнүн айтып чыкты

 

Кытайлык окумуштуу дүйнөдө биринчи жолу түйүлдүктүн ДНКсын өзгөртүү боюнча операция жүргүзгөнүн айтып чыкты. Бул тууралуу 28-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окумуштуу Хэ Цзянькуй иммундук жетишсиздик вирусуна туруштук бере ала турган балдарды жаратарын билдирген. Биологдун мындай ачылыш жасаганы илим чөйрөсүндө түрдүү пикирлерди жаратып, талкуу жараткан. Окумуштуунун иш-аракетин Кытайдагы укук коргоо органдары жана жергиликтүү этика комиссиясы текшерүүгө алары айтылып жатат. Ал жүргүзгөн тажрыйбасы үчүн өлүм жазасын алышы мүмкүн деген да кептер бар.

АКШдагы Йел университетинин окутуучусу Натали Кофлер: "Кытайлык кесиптешинин айынан көпчүлүк генетиктер кылмыш ишине катыштыгы бар катары айтылып калышты. Хэ Цзянькуй катаал жазага тартылса да башка окумуштуулар кийин мындай нерсени жасабайт деген кепилдик жок. Бул үчүн илим коомдун талаптарына жооп берүүнү үйрөнүшү керек болот", - деп билдирген.

Кытайдагы медициналык порталдардын бири окумуштуу легалдуу иштеп, өкмөттөн акча алып келгенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: