super.kg logo

31-майга чейин өлкө аймагындагы шаарларда жана калктуу конуштарда тазалоо, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт

 

2019-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин өлкө аймагындагы шаарларда жана калктуу конуштарда санитардык тазалоо, жашылдандыруу иштери боюнча үч айлык өтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Үч айлык өткөрүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында кабыл алынганы маалым болду.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында төмөнкү иш-чаралар аткарылат:

- көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү;
- администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн оңдоо;
- көчөлөрдү жарыктандыруу;
- тосмолорду, дубалдардын көрүнүшүн оңдоо;
- калктуу конуштарда жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү;
- муниципалдык жолдорду оңдоо;
- социалдык чөйрөнүн жана айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне, ошондо 31-майдан кийин иш токтоп калабы?!
02.03.2019. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арча-Бешик конушун кантип оңдойбуз Газпром газ киргизебиз деп жолдордун баарын казып эзип салышты басканга мүмкүн болбой калды эптеп шагыл төгүп ылайдан арылып калдык эле азыр кайра тас кейпибизди кийип калдык жок дегенде шагыл төгүп түздөп берсеңер жакшы болот эле а Чортеков көчөсү он жылдан бери асфальт болот деп күтүп жүрөбүз Садыбакасова көчөсү бар экенин өкмөт билбейт болуш керек билишсе машиналары менен бир кыдырып көрүп кетишсе жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: