super.kg logo
  Спорт  

Футболго жаңы эрежелер киргизилди. Эми топко кокустан кол тийип кетсе дагы калыстын чечимисиз эреже бузуу болуп саналат

 

2-мартта Шотландияда футболдук ассоциациялардын эл аралык кеңешинин жыйыны өтүп, оюн эрежелерине жаңы өзгөрүүлөр киргизилди.

Жаңы эрежелер футболдо чоң өзгөрүүлөрдү алып келбегенин, бирок айрым кемчиликтер жоюлуп, талаш жараткан учурлар азая турганын футбол эксперттери белгилешүүдө.

Жалпысынан 7 жаңы эреже кабыл алынып, ушул жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет.

1. Гол жараткан же голдук пас чыгарып берген оюнчунун колу топко атайылап эмес, кокустан тийип кетсе да эреже бузулган болуп саналып, киргизилген гол эсептелбейт. Буга чейин мындай учурларда беттештин калысы абалга жараша чечим кабыл алчу. Тактап айтканда, оюнчунун колу топко кокусунан тийип кетсе эреже бузуу катары каралчу эмес.

2. Алмашууга кетип жаткан оюнчу өзүнө жакын турган капталдагы чийин аркылуу чыгып кетүүгө милдеттүү. Мурдагыдай оюнга кирип жаткан футболчулар отурган жактан чыгып, алмашып жаткандар менен кол алышуу кажет эмес. Бул эреже убакытты созууга каршы көрүлгөн чара экендиги көрүнүп турат. Утуп жаткан команданын машыктыруучусу эсепти сактап калуу үчүн талаанын алыс аймагында жүргөн оюнчуну алмаштырган учурлар көп кездешет.

3. Айып соккуну аткаруу учурунда коргонуучу команданын оюнчуларынан турган тосмого чабуул жасап жаткан команданын оюнчулары кошула албайт. Эки команданын ортосундагы минималдык аралык 1 метрден жакын болбошу керек. Эреженин максаты - оюнчулардын кагылышуусун алдын алуу.

4. Топту оюнга кошуу учурунда айып аянтчанын ичинде дарбазачыдан башка оюнчу топко тийгенге уруксат берилди. Буга чейин топ айып аянтчасынан чыгарылмайынча башка футболчулар тийгенге болбойт эле.

5. 11 метрлик айып сокку учурунда тебилген топту тоскон дарбазачынын бир буту дарбазанын сызыгына тийип турса жетиштүү. Бирок "пенальти аткарылып жатканда дарбазачы дарбаза сызыгынан жылбашы керек" деген эреже буга чейин деле аткарылчу эмес.

6. Буга чейин машыктыруучулар оозеки түрдө эскертүү алып же талаадан четтетилип келсе, мындан ары аларга да сары жана кызыл айып кагаздары берилет.

7. Топ калыска тийип кеткен учурда оюн токтотулуп, топ талашка коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
04.03.2019. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Заменге чыккандагы эреже жакты мага, чындап эле кол алышуунун кереги жокко.
04.03.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эң жакшы эрежелер киргизилиптир фудбол эми бунданда кызыктуурак болот экен
04.03.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи эрежеде кол кокустан тийип кетсе гол эсептелбейт. Ошол эми көп талаш жаратабы экен деп ойлойм. Кол көтөрүлбөй денеге жабышып турса болду да, каяка бекитет колдорун?
04.03.2019. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kanybek121195,туура айтасын.Атайын колуна тийгизе тээп койсон болду экен да айып аянтчанын ичинде.ПЕНАЛЬТИ даяр!
04.03.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң жакшы эрежелер киргизилиптир. Эми футбол аягына чейин кызык болот. Дагы бир эреже киргизип койсо өтө кызык болмок " Топ айып аянтынан чыгып кетсе, дарбазачы топту оюнга кошуп атканда 10 секунд гана убакыт берип коюш керек"
04.03.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3-эреже коп талаш жаратуучу эреже болуп калыптыр да
05.03.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылышыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: