Шавкат Мирзийоев ИИМ жана Коргоо министрлигинин кызматкерлерине 6 ай аралыгында арыктоо талабын койду
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев буга чейин да тартип сакчыларынын ашыкча салмак менен жүргөнүн сынга алып келген. Жергиликтүү маалымат булактарынын жазганына ылайык, бул жолу ал ИИМ менен Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери 3-6 ай аралыгында арыктасын деген талапты койгон.
1-март күнү Өзбекстандын президенти Наманган облусунун активисттери менен жолуккан учурда да бул теманы козгоду.
"Бизге ашыкча салмак менен жүргөн тартип сакчылары керек эмес. Мындай көрүнүштө кылмышкерлерди кантип кармайт. Адегенде алар спорт менен машыгышы керек. Бул алардын жумушу үчүн өтө маанилүү. Ден соолугунун чың болушу мага эмес, өздөрүнө керек. Биз алар ашыкча салмактан арылышы үчүн 3-6 ай убакыт беребиз", - деген ал жолугушуу учурунда.
Буга чейин өткөн жылдын ноябрь айында дагы селектордук жыйында бул тууралуу кеп козгоп, аз кыймылдан улам Өзбекстандын калкынын жарымы ашыкча салмак менен жүргөнүн белгилеген.



Аа биздики биринчи очередь өзү арыкташ керек болотго
Бою ,өң келбеттүү соонун адам.Ушул адам
бизге башчы болгондо,биз да өнүгүү жолуна түшмөкпүз.Биздин 120 депутат,ХХХХ айырмасы жок, игра ойноп олтурушат, ХХХХ.