Депутат таза суу менен камсыз кылуу тууралуу долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу керектигин айтты
Депутат Аалы Карашев таза суу менен камсыз кылуу тууралуу долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Кыргыз өлкөсүндө бул долбоор боюнча жаман көрсөткүч болгон. Мындан 15 жыл мурда таза суу менен камсыз кылуу долбоорун баштаганбыз. Бул долбоор натыйжалуу ишке ашпай, коррупцияга жол берилген. Көптөгөн эл аралык донорлор каржылоону токтотуп коюшкан. Эми кайрадан ишеничке кирип жатабыз. Өткөн кемчиликтерге жол бербеш керек. Механизмдерди иштеп чыгуу шарт. Таза суу менен камсыз кылуу тууралуу долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу шарт", - дейт ал.
Бюджет жана финансы боюнча комитет тарабынан "Мырзаке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен камсыздоо системин реабилитациялоо" долбооруна берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу колдоо тапты.





