super.kg logo
  Саясат  

Депутат мыйзам долбоору боюнча сын-пикир айткан фермерлерге: "Жайлоодо жүргөндөй болбой, маданияттуу, Ак Үйдө жүргөндөй бололу"

 

"Жайлоодогудай болбой, маданияттуу, Ак Үйдөгүдөй болгула", - деп бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештеги "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча" коомдук талкуу учурунда депутат Мирлан Бакиров айтты.

Мындай сунушун Бакиров мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү, коомдук талкууга катышкан фермерлер отурган жыйында коомдук бирикменин сын-пикирине карата айтты.

"Мен өзүм айылда өскөм, мындайча айтканда, жайытта чоңойгом. Айыл жериндеги бүгүнкү көйгөйлөрдү жакшы билем. Депутаттар мыйзам долбоорун жазышат, аткаруу бийлиги аны аткарат. Асмандан түшкүлө деп айтканым ошол.

Бир көчөт отургузуп көрбөгөндөр азыр үйрөтүп жатат. Бул мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтына илинген, коомдук талкуу кылбай койсок деле эч ким эч нерсе демек эмес. Бири-бирибизге сый мамиле кылалы, мен бул мыйзам долбоорунда жер сатылат деп айткан жерим жок, ал пайдаланууга берилет деп айтып жатам. Жайлоодо жүргөндөй болбой, маданияттуу, Ак Үйдө жүргөндөй бололу. Катуу айтсам кечирип койгула, силерди да түшүнөм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: