super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк Кышкы Универсиаданын ачылышында Кыргыз желегин Алексей Вакурин көтөрүп чыкты

 

Дүйнөлүк Кышкы Универсиада Красноярск шаарында 2-марттан 12-мартка чейин болот. Универсиаданын ачылышында Кыргыз желегин Алексей Вакурин көтөрүп чыкты.

Мелдеште Кыргыз спортчулары спорттун 3 түрүндө таймашка чыгышат: лыжа жарыштары жана сноуборд. Бул спорттук иш-чарага катышуу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин бюджетинен 987 миң сом бөлүнгөн.

Делегациянын курамы:

Маским Гордеев – лыжа жарышы боюнча спортчу;

Евгений Тимофеев – лыжа жарышы боюнча спортчу;

Игорь Борисов – лыжа жарышы боюнча машыктыруучу;

Алексей Вакурин – сноуборд боюнча спортчу;

Тимур Губаев – сноуборд боюнча машыктыруучу;

Элзар Абдыракманов – лыжа жарышы боюнча спортчу;

Алымбек Калыс уулу – лыжа жарышы боюнча спортчу;

Кубаныч Эрмеков – делегациянын жетекчиси.

Маалымат үчүн:

Мелдешке 17 жаштан 25 жашка чейинки студенттер, мелдеш өткөрүлгөн жылдан мурунку жылы академиялык даража же диплом алган бүтүрүүчүлөр катыша алышат. Универсиадада 11 спорттун түрү боюнча 76 медаль комплекти ойнотулат: биатлон, тоо лыжа спорту, кёрлинг, лыжа жарышы, сноуборд, муз үстүндө бийлөө, фристайл, хоккей, топ менен ойнолуучу хоккей, шорт-трек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
04.03.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Катышып келгени жакшы,бирок эч нерсеге илешпейт 100% уверенность менен айттам!
04.03.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактар көчүп эле барышыптыр. Биздикилер жүдөп какап чыкты окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: