super.kg logo
  Саясат  

Парламентте тармактык комитет Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулады

 

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосунда достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкарууга багытталган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашуу жүрүп жатканын айтты.

"Биздин студенттер медицина адистигинде 3 жыл билим алышат. Ага чейин ооруканада Түрк жарандары иштешет", - деди Каратаев.

Депутат Алмазбек Токторов алгач Кыргыз мамлекетиндеги медициналык адистер иш менен камсыз болуусун эскертти.

Мындан тышкары депутат Аида Исмаилова келишимде бир катар түшүнүксүз нерселер бар экенин белгилеп, тактап келүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: